Ысык-Көлдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин билдирген. Кырсыктан улам жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардамга кайрылууга мажбур болгон.
Бул факт КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Натыйжада, жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен 18 жаштагы кыз экени аныкталган. Анын айдап жүргөн «Windom» үлгүсүндөгү автоунаасы атайын токтотучу жайга киргизилди.
(Иллюстративдик сүрөт)