Кече, 11-май Өзгөн районунда катуу жааган жамгырдан улам бир нече айылдарды сел каптаган. Большевик айылында 8 жаштагы баланы сел агызып кетип, ооруканада каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү кабарлайт.
Маалыматка караганда, Большевик айылында түшкү саат 13:20 чамасында тоодон сел жүрүп, ошол учурда кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган Усенов Али аттуу баланы агызып кеткен. Бала долононун бутагына илинип калган. 2 сааттан кийин чоң энеси жансыз денесин табып кошуналары менен биргеликте Мырза-Акедеги ооруканага чалышып, ооруканадан барган фельдшер баланын өлгөнүн тастыктаган.
Маркумдун сөөгү, ошол эле күнү жерге берилген.