Голливуд актеру Жан-Клод Ван Дамм Кривой Рогдогу сүйлөшкөн кызы Алена Каверинага кымбат баалуу «Mercedes-Benz GLE» үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, унаанын баасы 119 миң АКШ доллар. Башкача айтканда кыргыз купюрасы менен 9 миллион 894 миң 612 сомду түзөт.
Украиналык Алена үй-бүлөлүү актер Ван Дамм менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүп келет, жана ал аны дүйнө жүзү боюнча коштоп жүрөт. Ван Дамм кызга фирмалык буюмдарды, зер буюмдарды жана планетанын экзотикалык жерлерине алып барып саякаттатат.