7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Головной” тилкесинин тагдыры кандай болуп чечилди? Ташиевдин жообу

193

Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда «Головной» участогу кыргыз менен тажик тарапка теңме-тең бөлүштүрүлүп, коңшу тарапка 4 метр жер берилгендигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, бул 4 метр жердин ордуна Кыргызстан 750 гектар жер тилкесин алган.

“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы 1975-жылдары кыргыз тарап курган. Бирок, эки тарап бирдей пайдаланып келгенбиз. Ушул жерден мамлекеттер сууну бөлүштүрүп пайдаланганда, суунун 50 пайызга жетпегенин тажик тарап, 20 пайызын өзбектер, ал эми 30 пайызын кыргыз тарап пайдаланып келген. Ошондо суунун көпчүлүк бөлүгүн Тажикстан тарап пайдаланып келгени көрүнүп турат. Себеби, биздин эл Баткен облусунда азыраак. Ал эми тажик тараптын Согди облусунда 2,5 – 3 миллионго жакын эл жашайт. Биздики болжол менен 300 миңдин тегерегинде.

Тажик тарап бул жерди ортосунан бөлүүнү сунуштады. Биз аларга 4 метр жер калтырышыбыз керек болду. Себеби, калтырсак да, калтырбасак да ошол сууну алар пайдаланып жатат. Мындан кийин да пайдалана берет. Себеби, өкмөттөр аралык сууну колдонуу боюнча келишим бар. Биз ал сууну пайдаланбайсың деп бербей кое албайбыз. Ошол 4 метр жерди бериш үчүн тажик тараптан 1000 гектар жер сурадым. Бирок, талашып-тартышып отуруп 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык. Мында суу мурдагыдай эле бөлүнөт. Чек ара сызыгы «Головной» тилкесинин ортосунан өтөт”,-деди Ташиев.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

194