7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Головнойдо ок атылган тез жардам унаасынын ичинде 2 кызматкер болгон

5178

Головнойдо ок атылган тез жардам унаасынын ичинде 2 кызматкер болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков бирифингде билдирди.

Анын айтымында, тажиктер тарабынан Головнойго бара жаткан тез жардам унаасына ок чыгарылып, анын ичинде айдоочу менен бир фельдшер болгон. Учурда алардын абалдары туруктуу.

«Бүгүнкү күндө биринчи медициналык жардам көрсөтүү кызматтары Баткенде, Лейлекте, Кызыл-Кыяда жана Кадамжайда толук кандуу даярдыкта турушат. Ошондой эле, жалпы саламаттыкты сактоо мекемелеринде, Лейлек ооруканасында дары-дармектердин корутундусу толук кандуу жетиштүү. Бүгүн Бишкектен гуманитардык жардам жөнөтүлдү», — дейт ал.

Ал эми Төрт-Көчө жабылгандан кийин Лейлектен 3 тез жардам унаасы жардамга чакырылган. Алар жолдун наркы бетинде туруп жабыркагандарга жардам көрсөтүшүп, Лейлекке, Самаркандекке жеткирип турушкан.

«Головнойдо Ак-Сай ФАПынын 2 тез жардам унаасы, Төрт-Көчөгө 2 тез жардам унаасы жеринде иш алып барды», — дейт ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5179