Бүгүн 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексинин мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Анда маалым болгондой “GOOGLE” жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктерди киргизүү каралган.
Талкууда депутат Мирлан Жеенчороев Салык кодексинин жаңы долбоорунда салыктын түрлөрү кандай өзгөртүлгөнүнө кызыкты.
Министри Данияр Амангельдиев салыктар азайтылганын маалымдагы.
“8 мамлекеттик салыктан жетөө калды, 2 жергиликтүү салык бар эле бирөө калды, 6 атайын режимдеги салыктан алтоо калтырылды”, – деп жооп берди.