7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грузияда чет жактагы жарандарга шайлоодо добуш берүүгө тыюу салынды

217

Грузиянын парламенти Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү, акыркы окууда кабыл алды. Ага ылайык, өлкөдөн тышкары жашаган грузин жарандары мындан ары парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу NewsGeorgia агенттигине таянып Азаттык маалымат агенттиги жазды.

Эми шайлоого катышуу үчүн жарандар Грузияга жеке өзүлөрү келип, каттоодо турган жери боюнча гана добуш бере алышат. Ушул эле эрежелер референдумдарга да тиешелүү болот.

Буга чейин мындай чектөө муниципалдык шайлоолорго гана колдонулуп келген. Ал эми парламенттик шайлоодо чет өлкөдө жашаган грузин жарандары консулдуктарда жана элчиликтерде ачылган шайлоо участокторунда добуш бере алышчу.

Мыйзам долбоорун бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы демилгелеп, анын зарылдыгын «тышкы кийлигишүүнү алдын алуу» менен түшүндүрдү.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, Грузиядан тышкары жашаган жарандар «чет өлкөлүк юрисдикциянын алдында» болуп, «тең салмактуу тандоо жасай алышпайт».

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2024-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө дээрлик 96 миң шайлоочу катталган. Бирок дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө ачылган тилкелердин аздыгынан улам алардын ичинен болжол менен 34 миңдей адам гана добуш бере алган.

218