7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грузияга кайтып барган Саакашвилли абакка киргизилди

585

Грузиянын реформатору катары таанылган, мурдагы Президенти Михаил Саакашвили узак убакыттан кийин өлкөсүнө кирээри менен күч түзүмдөрү кармап кетти.  Саакашвилинин кармалганын Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили 1-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Михаил Саакашвили Грузиянын Батуми шаарында экенин ушул эле күнү Фейсбук аркылуу жарыялаган.

53 жаштагы Саакашвили акыркы учурда Украинада жашап жүргөнүн, ушул жуманын башында шайлоо күнү «мекенин сактап калууга жардам берүү үчүн» Грузияга кайтарын жарыялаган. Ал эми Гарибашвили ал келери менен камаларын эскерткен. Бийлик Саакашвилли чек арадан өтпөгөндүгүн айтылууда.

Саакашвили президент болуп турганда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «парламенттеги оппозициячыл депутаттын сабалганын жаап-жашырган» деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айында алты жылга сыртынан түрмөгө кесилген. Мурдагы грузин президенти бул айыптарды саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

Грузияда өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон бери бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен Саакашвили колдоо көрсөткөн оппозициянын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүүдө. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан. Азыр да абакта ачкалык жарыялангандыгын жергиликтүү ММКлар жазууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586