2-октябрга карата коронавирус дагы 72 адамдан аныкталып, 80 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүн, экинчи сутка, каза болгондор катталган жок. Бул узак убакытка созулган апааттан кийинки жакшы жышаан болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Жаңы катталган учурлар,
- Бишкек шаарында – 34,
- Чүй облусунда – 18,
- Ош облусунда – 2,
- Талас облусунда – 3,
- Нарын облусунда – 4,
- Ысык-Көл облусунда – 9,
- Жалал-Абад облусунда – 2.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 441 бейтап, амбулатордук түрдө 764 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 680 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.