Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде социалдык тармактарда Жеңиш аянтындагы Өчпөс отту үйлөп өчүргөн жигиттин видеосу тарап, коомчулук тарабынан сынга алынган. Анда жазылган билдирүүлөрдүн көпчүлүгү ага нааразы болушуп, бейбаштык үчүн жоопко тартууну суранышкан.
Отту өчүргөн жигит видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына хайп жаратуу үчүн жүктөгөн. Натыйжада бат эле интернет айдыңына тарап, аягы соттук кароого жеткен.
Сот отурумунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, хайп үчүн видео тартканын жана бул кылганы үчүн өкүнгөнүн билдирип, кечирим сураган.
Свердлов райондук соту жигитти Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренеси («Вандализм») боюнча күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айыпка жыгып, 30 саатка коомдук жумуштарга тартууга өкүм кылды.