7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хан-Теңири» паркында кызыл китепке кирген ак илбирс фотокапканга түшүп калган

618

Ысык-Көлдөгү «Хан-Теңири» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында кызыл китепке кирген ак илбирс фотокапканга түшүп калган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы уникалдуу сүрөттөрдү жарыялады.

«Хан-Теңири» паркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан. Ал 2016-жылы түзүлгөн. Өзгөчө коргоого алынган улуттук парк Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларына жакын турат. Жалпы аянты 275 миң 800,3 гектарды түзүп, Орто Азиянын ири парктарынын бири болот. Ал жерде Кызыл китепке кирген куштардын 100 түрү, жапайы жаныбарлардын 30 түрү бар.

 

 

 

 

619