7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Хашим Табып: «Орозайым карындашым, сенин 10 гүлүңөн бир гүлүң ачыла элек. Келечегиңди ойлонсоң тилиңди тый, саясатка аралашпа»

1268

Карындашым Орозайым. Али сенин 10 гүлүңөн бир гүлүң ачыла элек. Келечегиңди ойлонсоң, эл катары жашайын деп ниет кылсаң, тилиңди тый, саясатка аралашпа. Бул тууралуу Хашим Табып социалдык тармактагы баракчасында Орозайым Нарматова тууралуу пикирин билдирди.

«Орозайым карындаш! Мен өмүрүмдө бир да жолу мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. Мен иштебесем да кээ бир мамлекеттик кызматта иштеп, тажрыйба топтогон саясатчылардан алда канча жакшы түшүнүгүм бар. Ошондуктан сага агалык кеңешимди айтайын. Мен билген коомдук кызматтын эң эле оору, эң эле кыйыны жана эң эле жаманы, акыры барып «неблагодарный» (рахматы жок) иш мамлекеттик кызмат. Анын ичинен эң эле ат көтөргүс эң ооруу — Президенттик кызмат. Президент мамлекет менен элдин жүгүн мойнуна алып, күнү-түнү тынымсыз, жанды-жанга коюп, өмүрдү тобокелге салып, ден соолукту курбанчылык кылып иштейт. Президент уктады дегенде 6 саат же 7 саат уктайт. Уйкудан көзүнү ачып-ачалек алдыдагы иштер, уктаарда эмне иштер калып кетти, ким, эмне болду деген суроо уктайт.

Тыным албаган мээнетин эч ким баалабайт. Кокус ишинде Бакиев сыяктуу адам өмүру кетсе, Атамбаев сыяктуу катачылык кечирсе, түрмөгө отурат. Элден наалат алат. Президент аввалан бар — периште эмес, ал инсан. Инсан болгондон улам, ал да катачылык кетирет, адашып калат. Азыр эле айткандай Президент — инсан болгондон кийин — ал киши да жакшы сөз угуп, элдин батасын алып, элдин ыраазылыгын тапкысы келет. Башкача айтканда — анын да көңүлү бар, анын да өзүнө жараша кадыры бар. Пайгамбарыбыз Мухамммед с.а.в. инсандын көңүлүн Меккедеги Кааба ташынын кадырынан да жогору койгон. Биздин Ислам динибиз — падышага итаат кылууга буйруган. Президент Садыр Жапаров сен менен мага жана башкаларга жагабы же жокпу, ага карабай жараткандын ыраазылыгы үчүн баш ийгенге дин гана эмес, мамлекеттик мыйзам да милдеттендирет. Карындашым Орозайым! Сага айтаар биринчи насаатым ушул. Карындашым Орозайым!!! Сен элге чындык деп күрөшүп жатамын деп сот залынан айтып жатасың? Сен кайсы чындыкты айтып жатасың? Чындык өзү — кандай категория экенин билесиңби? Албетте, билбейсиң? Чындык сен менен мен жашаган коомдо болбойт. Чындыкты айткан да, күрөшкөн адамдын өзү — акмак. Чындык жараткандын эркинде жана ал тартуулаган Исламда гана болот. Турмушта болбойт. Сен эмне сот залынан — чындык калкып чыгат дейсиңби? Мээң жеткен болсо, ал жерде чындыктын ээси, сот эмес прокурор. Карындашым Орозайым!!! Кайсы бир интервьюңда келечекте Кыргызстан президенти боломун деп билдирүү берипсиң!

Эмне сен Президенттик кызматка Садырды сындап отуруп жетемин дейсиңби? Эгерде Кыргызстанда Түштүк Африка сыяктуу — апартеиддик режим болсо же Тундүк Корея сыяктуу диктатуралык режим болсо же Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти сыяктуу үй-бүлөлүк клан түзүп баш көтөргөнду түрмөгө тыгып, калганын атып, элди кырып жатса, анда элди коргоп чык. Сен ушунда — эл ишенимин аласың? Ошондо да эл чарбасын башкара албай, эмне кылаарында билбей каласың. Акылың жетсе, сен Президентке каршы эмес, Кыргызстанды 30 жылдан бери өнүктүрбөй, тамырлап кеткен коррупцияга каршы күрөш. Мына ушунда коомго да мамлекетке да пайдалуу иш кылган болуп чыгасың. Эми эл тарабынан колдоо жөнүндө айтайын. Карындашым сени желкеңен таптап, чындык айтып жатасың, ушул жолуңан тайба деп насаат айткандар, колдоп жаткандардын — өзү акмактар. Сени таптап коюп, бийлик сага чара көрдү эле — алар жаныңан качып кетишти, жанында жок. Түшүнсөң тил учунда сени күүлөй беришет, иш жүзүндө сени «кидать» этет. Сен алардын оюнчугуна айланып жатасың!! Башка тараптан айтайын — саясат адамдан — азап-тозоктордон өтүүнү, өмүрдү курбанчылык кылууну талап кылган иш. Саясатчы терең билим жана илимге сугарылган, мамлекеттик кызматта тажрыйба топтогон ж.б. сапаттарды талап кылат. Сенде ушул сыпаттар барбы? Акыркы насаатым: адам баласына эң кымбат нерсе — үй-бүлө болот. Сен аввалан бар үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу бол. Жок эле дегенде 5-6 бала төрөп, кыргыздын санын көбөйт. Али сенин 10 гүлүңөн бир гүлүң ачыла элек. Келечегиңди ойлонсоң, эл катары жашайын деп ниет кылсаң, тилиңди тый, саясатка аралашпа. Саясат эң эле балит, ыплас иш. Кетирген кемчилигиңди түшүнө алсаң, кат жазып, Президенттен кечирим сура.Түшүнсөң, ал киши өткөн жылы кармалганыңда да каматпай, койдуртуп жиберген. Сени урматтап Хашим табып»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1269