Кечээ, 28-декабрь күнү Ысык-Көлдүн Кытай менен чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө очогунда күчү 6 баллга жеткен. Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.