7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 7 мүчөсү кармалды

849

“Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун Бишкек шаарынын аймагында иштеген “жаштар канаты” деп аталган көмүскө ишмердүүлүгү токтотулду.

“Хизб-ут-Тахрирдин” токтотулган көмүскө мүчөлөрү КРнын жарандары “Д.Б.”, “Б.Б.”, “М.Н.”, “Ж.А.”, “Ж.А.”, “М.Ы.” жана “З.А.” борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун катарына жаңы тарапташтарды чакыруу жана даярдоо менен алектенген, жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак. Ячейка мүчөлөрү конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөрүшкөн, ошондой эле экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар делген көп сандагы электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылып алынды.

Алынган материалдарга жана электрондук алып жүрүүчүлөргө комплекстүү экспертиза дайындалды. Көмүскө ячейканын 7 мүчөсү кармалып, “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун жаштар канатынын лидерлеринин бири болгон “Д.Б.” аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850