7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
31°C

Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

167

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК кызматкерлери тарабынан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү С.Х., М.А.М, Г.М.Н жана Н.И.А. карата “ХТИ” ДЭУнун Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынганын жана бул уюмга катышуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары боюнча алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, СД-диск (10 даана), диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), флеш-карталар, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынып, диний экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

168