Майлуу-Суу шаарында аялды сүйлөшүп жүргөн жигити ур-токмокко алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 42 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 20-февралына караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Майлуу-Суу ШИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун тургуну 1991-ж.т. К.А. Токтогул районунан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.