Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун тургундары Кыргызстандын жарандары 1972-жылы туулган С.А.К. жана 1978-жылы туулган Ж.Ы.Ш. мурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманып келишкен.
Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭНнун мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырышты.