7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтерди өзүнө тарткан Кыргызстандагы кооз шаркыратмалар

1024

Шаркыратмадан тараган күчтү байкабай коюу мүмкүн эмес. Балким, ошон үчүн алар адамды өзүнө тартып турат. Ага карап турган адам да бардык мыйзам, эрежелерди бузган эң күчтүү жанга айлангандай болот… Дал ушул ажайып кооз Кыргызстандагы шаркыратмалар тууралуу баяндап беребиз…

“Абшыр-Ата” шаркыратмасы.

Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов аймагында жайгашкан. Шаркыратма тоонун боорунан чыгып, анын жаралышы тууралы тарыхый маалыматтар менен уламыштар айтылып келет.Шаркыратма келген кишилерди абдан таң калдырат. 12-13 метр бийиктеги асканын боорунан суу атырылып чыгып турат. Шаркыратмадан анча алыс эмес жерде мөлтүр кашка суусу бар Котур-Булак жайгашкан. Анын суусунун даарылык касиети бар экени айтылып келет. Байыркы уламыштарга караганда бул жерде мурда суу эмес сүт акчу. Илгери-илгери дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип келет. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган. Ошентсе да бул жер азыркы күнгө чейин ыйык деп эсептелип, келген кишилер абдан көп. Бул жакка келгендер Абшыр-Атадагы токойдо эс алып, шаркыратма, үңкүрлөргө да зыярат кылышат. Айрымдар салт боюнча жаш балдардын чачын ошол жайдагы адамдарга алдырышат. Эс алуучуларга түнөөгө да толук шарт түзүлгөн. Эки тоонун ортосунда жайгашкан бул жай, кооз табияты, арча, кайың, суусу менен айырмаланат. Жаныбарлар корукка алынган.

“Барскоон» шаркыратмасы.

Ысык-Көл өрөөнүндөгү кооз шаркыратма. Барскоон суусунун алабында. Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондун сланец тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 мге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар жана жапалак арча өсөт. Бийиктиги 24 метр. Чоң шаркыратмадан 150 метр төмөн, бийиктиги 12 метр келген кашатта экинчи шаркыратма пайда болгон.

«Тегерек» шаркыратмасы. Базаркоргон районунун аймагындагы табият эстелиги. Карүңкүр суусунун жогорку агымында, палеозойдун акиташ тегинде пайда болгон шаркыратма. Айланасын жапайы жаңгак-жемиш токою ээлейт.

«Шаар» шаркыратмасы. Ак мөңгүлүү асман тиреген аска тоолор, алардын бетиндеги көк мелжиген карагайлар жана тоо жарып түшкөн Шаар шаркыратмасы. Жаратылышты сүйүүчүлөр үчүн ушул жылы сөзсүз барчу жерлердин тизмесинен орун алса керек. Шаар шаркыратмасы Нарын облусунун Баш-Кайыңды капчыгайында 3200 метр бийикте жайгашкан. Бул Борбор Азиядагы эң чоң шаркыратма, бийиктиги 300 метрдей. «Шаар» ушунчалык чоң болгондуктан, ага бараткан жолдо 45 чакырым алыстан эле көрүнүп турат.

«Кыздын көз жашы шаркыратмасы». Жети-Өгүз капчыгайында жайгашкан. Бийиктиги 20 эле метр. Ага жөө адам бир сааттан азыраак убакытта жетип барат. Бул эң сонун багыт, “Жараланган жүрөк” кызыл зоого да бара келсе болот.

«Илбирстин көз жашы» шаркыратмасы. Ал Барскоон капчыгайында, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен анча алыс эмес жерде жайгашкан. Бийиктиги 100 метрден ашат. Шаркыратмага капчыгай аркылуу жөө адам жарым саатта жетет. Бул сиздин Ысык-Көлдөгү эс алууңузду эң сонун толуктайт. Бул шаркыратма мамлекет тарабынан коргоого алынган жаратылыш эстелиги. Болжол менен 100 метр бийиктиктен агып түшкөн суу агындары таасирдүү көрүнүш, бирок алар ушунчалык ызы-чуу жараткандыктан, жакын жерде башка эч нерсени угуу мүмкүн эмес. Шаркыратманын айланасы реликтүү дарактар менен курчалган — негизинен карагайлар. Кышында ал тоңуп, Кар ханышасынын тунук хан сарайына окшош болуп калат.

«33 Тоту куш» шаркыратмасы. Дагы бир белгилүү шаркыратма – бул «33 тоту куш» деген кызык аталыштагы шаркыратма. Тескей-Торпок – бул жердин топографиялык аталышы. Бирок «33 тоту куштун» пайда болушу жөнүндө эки версия бар. Биринде 33 саны шаркыратма жайгашкаашуунун бийиктигине жараша пайда болгон деп айтылат – 3133 метр. Экинчи версия боюнча, 33 бул шаркыратмага алып баруучу серпентинди басып өтүү керек болгон бурулуштардын так саны.

«Арстанбап» шаркыратмасы. Бабашата кырка тоосундагы Арстанбап (Карүңкүрдүн оң куймасы) суусунда жайгашкан. Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң жана Кичи арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын жалпы бийиктиги 200метрдей, үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи шаркыратма айрыкча көңүлдү бурат, бийиктиги 20метрдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көкжеле пайда кылат. Аскалардын бети жашыл эңилчектер менен капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1025