Бишкекте 25-майда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
«Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен чогулуштарын өткөрүштү. Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт. Урматтуу ата-энелер! Балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына өз алдынча барууга жол берилбестиги тууралуу баарлашууну суранабыз”- деп берилет маалыматта.