7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Арча» көрүстөнүндө КР Эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелиги орнотулду

949

Бүгүн, 23- майда “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апаз Жумагулов, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, Бакытбек Мамытовдун үй-бүлөсү, кесиптештери жана өнөр адамдары катышты.

Эстеликтин ачылышында сөз алып сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болушу керектиги айтылды.

Ошондой эле, Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алгандыгы элдин эсинде экени эскерилди. Мындан сырткары эл сыймыгына айланган Бактыбек Мамытов ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө, эл сыймыгына, эл адамына айланганы менен башкалардан айырмаланганы баса белгиленди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

950