«Хизбут-Тахрир» уюмунун Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун лидерлери жана функционерлери кармалган. Алардын арасында учурдагы жана мурдагы «масулалар» (республика боюнча лидерлер), финансист, ошондой эле «мусоиддер» («масуланын» жардамчылары жана белгилүү бир аймакка жооптуулар) бар.
Кармалган адамдардын көрсөтмөсү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү бир нече жылдан бери КРнын калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып, Кыргызгызстандын аймагында материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкен.
«ХТ» ДЭУнун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык региондорунда катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн. Бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Жыл сайын «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 миллион сомго жакын каражат чогултулган.
Ош облусунун Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н.Д. аттуу тургуну «ХТ» ДЭУнун иерархиясында “Мандуб” кызматын ээлеген – “Кыядатанын” Кыргызстандагы өкүлү болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө КРнын аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле, жогоруда аталган каражаттар анын дарегине жөнөтүлгөн.
Мындан улам, УКМКнын колдо болгон материалдарынын алкагында аталган жаран эл аралык издөөгө алынды.