7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Христиандар көрүстөнүн мазактап кетишкенби? Ысык-Көл ОИИБдин жообу

624

Христиандар көрүстөнүн белгисиз адамдар мазактап кетишкен деген маалымат тараган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-ноябрда «24.kg» маалымат агенттигинин «Агент 024» рубрикасында, Чолпон-Ата шаарындагы христиандар көрүстөнүн белгисиз адамдар мазактап кетишкендиги жөнүндө маалымат жарыяланган.

Аталган факты боюнча эч ким арыз менен буга чейин кайрылган эмес. Жарыяланган маалыматтагы христиандар көрүстөнү Бактуу-Долоноту айылынын түндүк – батыш тарабында орун алгандыктан, материалдар Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылган.

Окуя болгон жерге барышкан тергөө-ыкчам тобу, айрым маркумдардын жайында орнотулган эстеликтер жерге кулап калгандарын жана анын жанында бодо малдардын издери гана бар экенин аныкташкан. Кароо жүргүзү учурунда, көрүстөн атайын тосмо менен тосулбагандыктан, малдар ээн эркин жайылып кеткен. Көрүстөнгө жакын турган айылдагы тургундардан сураштырганда, 19-ноябрь күнү катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын да учуруп кеткендигин билдиришкен.

Бостери айыл аймагынын берген маалыматы боюнча, христиандар көрүстөнүнүн тегерегин тосмолор менен бекитүү маселеси жакында айылдык кеңешинде каралып, жакынкы арада бул көйгөй чечилээрин айтышкан.

Бардык чогулган материалдар, Жоруктар жөнүндө кодексинин 131 (Өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо) беренеси менен каралмакчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625