7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

И.Арабаев университетинин окуу корпусунун жарымы Бишкек мэриясына берилет

792

Президент баш калаанын 10-кичи районунда жайгашкан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирин көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы имараттын учурдагы абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт.

Президент Садыр Жапаров окуу корпусунун аянтын натыйжасыз пайдаланууну эске алуу менен аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793