7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички аскерлердин кызмат адамдары 20 млн сомду максатсыз пайдаланган

406

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аскердик жабдууларды мамлекеттик сатып алууда ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган.

КРнын Аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашык каражатты түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

407