Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда алгачкы үч орус-кыргыз мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземине видео форматында катышты.
Садыр Жапаров өлкөдө россиялык билимге, орус тилин үйрөнүүгө кызыгуу күчөгөнүн белгилеп, «Кыргызстан жаштарынын Орусияда билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу акыркы жылдары өзгөчө байкалууда. Россия менен билим берүү тармагында кызматташуу бекемдеп, натыйжалуу болуп жатат», — деди.
Аталган үч мектеп Бишкек, Баткен жана Караколдо курулат.