Азыркы күндө анимациялык фильмдер дүйнө жүзүнө кучагын жайып, бир эле жаш балдарды эмес улуу адамдарды дагы өз кучагына алууда. Бул фильмдерди кантип жана кимдер жаратат деген суроо баарыбыздын эле оюбузга келсе керек. Анда, бүгүн биз сүйүп көргөн анимациялык фильмдерди жаратууда өзүнүн идеялык өзгөчөлүгү менен айырмаланып турган аниматор Хаяо Миядзаки тууралуу баяндайбыз.
Күн чыгыш өлкөсүндө гана эмес, Батышта да легендага айланган Хаяо Миядзаки
Хаяо Миядзаки — 1941-жылы 5-январда Токио шаарында туулган. Жапон аниматору, продюсер, сценарист, жазуучу жана манга сүрөтчүсү. Ал учак заводунун ээсинин үй-бүлөсүндө төрөлүп, бала кезинен тарта манга жана анимация тартууга кызыгып калган. 1964-жылы Исао Такахата менен таанышып, кийин аны менен Studio Ghibli анимациялык студиясын негиздеген. Узак убакыт бою алар көптөгөн көркөм чыгармалардын үстүндө чогуу иштешкен. Жапон киносунун чебери Акира Куросава сыяктуу анимациялык кинорежиссер Хаяо Миядзаки да көптөн бери Күн чыгыш өлкөсүндө гана эмес, Батышта да легендага айланган. Анын тасмаларын изилдөөчүлөр талдап, күйөрмандары сүйүп көрүшөт.
Жакында «Бомбора» басма үйү Сюзан Непьердин «Хаяо Миядзакинин сыйкырдуу ааламдары» китебин басып чыгарды, анда автор өзүнүн сүрөттөрүнүн мотивдери жана субтексттери жөнүндө сөз кылат. Биз Непьердин эмгегин кунт коюп окуп чыктык жана андан бир нече кызыктуу фактыларды тандап алдык.
Аниматор болуу үчүн Хаяо Миядзаки системага каршы чыгышы керек болчу.
Бүгүнкү күндө анимация жакшы киреше алып келген престиждүү кесип. Японияда 60-жылдары акыл-эси жайында жакшы үй-бүлөдөн чыккан жигит мультфильм тарта алат деп эч ким ойлогон эмес. Сюзан Напиер жазгандай, жаш Хаяо Миядзакини, балким, улуу агасынан башка эч ким түшүнгөн эмес. Болочок режиссёр кадыр-барктуу Гакушюин университетинин Саясат жана экономика факультетинде окуш керек болчу, бирок дипломун алгандан кийин дароо Toei Animation анимация студиясына жумушка орношкон.
Хаяо Миядзаки өмүр бою өзүн күнөөлүү сезет, анткени анын үй-бүлөсү аскердик учактарды жасоого катышкан.
Миядзакинин тасмаларында учактар көп. Ал эми дирижабльдерди чындыктан качуунун бир түрү катары чечмелесе болот, бул өткөнгө ностальгияга да, бул машиналар өнүккөн жана өркүндөтүлгөн альтернативалуу дүйнөгө сүңгүүгө да мүмкүндүк берген жомоктогудай образ, анда учактар эки тараптуу мүнөзгө ээ. Бир жагынан режиссёр алардын жарашыктуулугуна, кемчиликсиздигине суктанса, экинчи жагынан аларды коркунучтуу курал катары көрсөтөт. Чындыгында, согушка катышкан учактар, атап айтканда, Перл-Харборго кол салууда Миядзаки үй-бүлөсү менен өзгөчө байланышта болгон, анткени анын атасы жана чоң атасы бул машиналар үчүн тетиктерди чыгарган заводго ээ болгон. Режиссер бойго жеткенде бул бизнестен түшкөн акча үй-бүлөсүн сактап калууга жардам бергенин түшүнгөн, бирок жоопкерчиликтин жүгүнөн эч качан толук кутулган эмес.
Миядзакинин дээрлик бардык анимациялык тасмаларында балдар башкы каармандар. Режиссердун эсинде төмөнкү эпизод сакталып калган: «Мен төрт жарым жашымда Уцуномияны абадан бомбалашты. Биз жуурканды жамынып, кандайдыр бир жол менен оттон өтүүгө туура келди. Дал ушул маалда жашынар жери жок бир топ адамдар тосмого жакындап калышты. Менин эсимде так эмес, бирок бир аялдын үнү эсимде: «Бизди коё бериңизчи». Бул менин эскерүүлөрүмбү, же ата-энемден уктумбу, билбейм, мен муну өз көзүм менен көргөндөй сездим, бирок эмнеси болсо да, колунда кичинекей кызды кучактап жүргөн аял эсимде. Бизге чуркап келип: «Бизди коё бериңизчи!»… Режиссер эгер ал атасынан ошол убакта согуштук самолёт жасоосун токтотушун суранса, адамдарды сактап калмакмын деп ишенет. Бул мемуарларда анын чыгармачылыгын изилдөөчүлөр терең травманы көрүшөт, бул нерселер Миядзакиинин фильминдеги балдарды кичинесинен эле жоопкерчиликтүү жана аң-сезими өөрчүгөн кылып жаратышына алып келген.
Анимациялык фильмдерди жаратуу оңой-олтоң иш эмес экенин, ошондой эле тартуу иштери убакытты талап кыла тургандыгын бул тармактын режиссёрлору айтып келет. Ошондой болсо дагы Хаяо өзүнүн кесибин сүйүп, эмгектерине болгон жан
дүйнөсүн арнап келет. Ал өзүнүн фильмдериндеги ар бир каарманына өзүнчө көңүл бурат жана Миядзаки аниме индустриясын көп сындап, алар адамдарды тартууда реализмди карманбайт деп ырастап келет.
Өзүнүн жаратмандыгы менен Хаяо Миядзаки көптөгөн белгилүү сыйлыктардын ээси. «Унесённые призраками» аттуу анимациялык фильми 2002-жылы Берлин кинофестивалында «Алтын аюу» сыйлыгын, 2003-жылы «Эң мыкты анимациялык тасма» номинациясында «Оскар» сыйлыгын жеңип алган. Жана ошондой эле «Навсикая из долины ветров», «Небесный замок Лапута», «Мой сосед Тоторо», «Ведьмина служба доставки «, «Принцесса Мононоке», «Ходячий замок «, «Рыбка Поньо на утёсе», «Ветер крепчает» деген анимациялык фильмдери дагы көпчүлүк көрөрмандардын жүрөгүнөн орун алып, режиссёрго көптөгөн
сыйлыктарды жана атактуулукту алып келген.
Мына ушундай өзүнүн жаратмандыгы менен Хаяо Миядзаки көрүүчүлөргө кайталангыс эмоцияларды тартуулап, алардын жүрөгүнөн түнөк тапкан жаратуучу.