7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылды

756

“Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 12 жылга, ал эми компаниянын кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 7-каналга соттон кабарланды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту жогорудагы чечимди чыгарып, жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирди.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

2022-жылдын июлунда «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, камакка алынган.

757