Табият темасын өтө таамай чагылдырган National Geographic журналы башкы бетине Кыргызстандын жаратылышын фото сүрөттөр менен жарыялады. Атактуу журнал Ала-Тоонун кооздугун фото сүрөтчү Нурсултан Аттокуровдун эмгеги менен чагылдырды.
Кыргызстандын далай сыры ачыла элек асман тиреген чокулары, мүрөктөй тунук тоо көлдөрү, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү саякатчыларды азгырып, кызыктырып келет. Би-Би-Си Нурсултан Аттокуров менен кенен баарлашты.
Бул материалга сүрөттөрдүн бир эле бөлүгү тиркелди. Толугу менен видеосу 19-февралда жарыяланат.
Мен Кара-Кулжада, Алайкуу айылында төрөлгөм. Ата-энем жылда жайлоого чоң энемдин колуна жиберчү. А биздин Алайкуу бир тоону ашсаң эле Арпа, Ак-Сайга, бир тоону ашсаң аркы Кытайга ашып кетесиң. Тоолуу жер. Кичинекей кезимден бери ошол жакта жүрүп, кой кайтарып балким жаратылышка сүйүүм ошондо калыптанган.
2019-жылы январь айында биринчи жолу каньондорго чыктым. Кыргызстандын ичинде да саякаттаса болобу, жакынкы тоолордун аттары кандай, аралыгы канча, кантип барса болот, жолдорун издеп эле бирок кантип баштаарымды билбей жүрдүм.
Тур компания менен барып калып, биринчи жолу тоо аралап чыкканыбызда алар мени сыртымдан байкашыптыр. Тоо-ташта жакшы басат экен, адамдар менен тез тил табыша алат, мамилеге жакшы деп карашыптыр. Экинчи жолу ошол эле тур компания менен чыкканда алар гид болуп биз менен иштешиңиз дешти, акчасын деле сураган жокмун. Саякаттын башы ушинтип башталган.
2014-жылы Германияда окуп келдим. Келгенден кийин стипендиямды коротпой ишемби, жекшемби күндөрү иштеп, акча чогултуп, биринчи жолу фотоаппарат сатып алганым эсимде. ЦУМга барып, атайын фотоаппарат тандап, оюнчук сатып алып жаткан жаш баладай калтырап-титирегенимди азыр да унутпайм.
Иши кылып кайсы жерде фотографтын жумушу болбосун, мен үйрөнчүкмүн деп эле элди ээрчип ошол жерде тартып жүрө берчүмүн. Фотоаппарат бир да күн үйдө калчу эмес. 2019-жылы гид болуп иштеп баштаган кезде идея пайда болду, жөн эле саякаттабай ошол эле кооз жерлерди биротоло элге дагы көргөзөйүн дедим.
Кантип Кыргызстанда саякаттаса болот, кандай кооз жерлер бар деп көп ойлондум. Бирок анда фотоаппаратымды сатып жиберип, куру кол жүргөм. Телефон эле бар болчу, анын да камерасы деле эптеп эле. Анан ошол камера менен, жакшы ракурсту тандап, жакшылап шөктөттөп элге бере алам деген максатта баштадым.
2020-жылы мени ал компаниядан башка компания көрүп калып бизге уюштуручу, компаниянын башчысы болуп бериңиз деп чакырып калышты. Анан ошол жерден иш үчүн деп фотоаппарат беришти. Карантин бүткөндөн кийин Көл-Тетири (Көл-Суу, Кел-Суу деп да атап жүрүшөт) деген жерге көлгө баратып жолдон сазга жеттик.
Сазга тыгылып калбасын деп машинадан түшүп жөө басып баратканбыз. Түнү менен кар жаап, эртең менен сонун күн ачылып, баякы суук шамал болуп турган кез болчу. Эсимде бар, кичинекей колоттун ичинде аркасы тоо, түнү менен кар жааганда тоо аппак болуп, үйдүн үстүнөн түтүн чыгып туруптур. Көрүнүшү эми укмуш…
Анан ошол сүрөттү жөн эле тартып койдум. Ары барып тарттым, жакын барып, туруп алып, жатып алып тарттым, иши кылып 20-30дай кадр тарттым. Ошонун арасынан 1-2 кадр жакты мага. Келип шөкөттөп чыгарып койдум. Заматта эле дос, тааныштардан 20-30дай смс келди. Баары тең ушуну өзүңдүн баракчаңа киргиз деди.
Менин баракчамда табияттын эмес, өзүмдүн эле сүрөттөрүм болчу. Эл кантип саякаттайт, пейзаждык фото боюнча түшүнүк жок болчу. Киргизип койдум, саякатка, жаратылышка тиешелүү пабликтин бары ошол сүрөттү бөлүштү. Ал сүрөт бир заматта дүйнө жүзүн айланып, укмуштай тарап кетти
Ошол үй Алыбек деген байкенин үйү экен. Тилекке каршы 3-4 жолу бардым, кышында, жайында бардым, андан кийин эки жолу бардым. Бирок ошол үйгө кирип, ошол киши менен учураша албадым. Ошол үйдү тартып алганыма сүйүнөм, бирок ошол киши менен таанышпай калганыма кичине болсо да өкүнүп калам.
Ойлоп көрсөм ошол күндөн баштан профессионалдык көз караш мындай айтканда 180 градуска өзгөрдү. Үйрөнчүктүн эле деңгээлинде жүрө берүү башка, кесипкөй көз караш башка дедим.
Күндүн батканын, таңдын атканын атайын тосуп тартышым керек деп чечтим. Жөн эле чайыттай күндүн астында тарта берген жарабайт. Бир жыл өткөндөн кийин фотоаппарат сатып алдым, азыркы күнгө чейин ошол фотоаппаратты колдонуп келем.
Фотограф катары жашоом экиге бөлүнөт. Бири үйрөнчүк чагым, бири кесипкөйлүккө киришкендегим дегендей. Биринчи жолу 2021-жылы Дубайда ЭКСПОдо биздин павильондун тышында мен тарткан сүрөт илинди. Ошондо биздин павильон “тышынан эң кооз” делген павильондордун катарына кирди. Кыргызстан туризм департаментинин сайтынын башкы интерфейсине ушул сүрөт колдонулду. Дагы бир жетишкендиктер бул — европалык Nomadic деген журнал бар. Ага жана башка журналдарга дагы чыкты. Азыркы менин айлана-чөйрөмдөгү адамдардын көпчүлүгү менен ушул сүрөт аркылуу таанышкам. Бул сүрөт мени кадимкидей калыптандырды.
Аябай эле өкүнүчтүү, анткени бул сүрөттү колдонбо деп баарына айта албайт экенсиң. Анткени Кыргызстандын сүрөтү болуп тургандыктан ар ким калашынча колдонду окшойт. Керек болсо шайлоо учурунда өзүнүн сүрөтүн коюп аркасындагы фонго ушул сүрөттү колдонгондор болду. Өз алдынча эле журналдарга колдонгондор болду, өзүлөрүнүн тур фирмаларына колдонгондор чыкты. Ошолордун ичинен сиздин сүрөт экен, колдонууга болобу, макулдук бересизби деп кайрылган эч ким болгон жок. Автордук укук дегенди эч ким ойлоп да койгон жок. Жок дегенде кайдан, кантип тартылган деп бир ооз сурап койсо, биз деле каршы эмес элек.
Башында автордук укуктун күчүн, интеллектуалдык менчик дегенди биз деле билчү эмес элек. Азыркы күндө юристтер менен сүйлөшүп, чет өлкөгө көп чыгып, фотограф, видеографтар менен сүйлөшүп, бул тууралуу көп жагдайды билип калдым. Бул деген аябай чоң эмгек экен. Тилекке каршы бизде аны билбейт, сыйлабайт. Бул өкүнүчтүүсү.
Эми гана акырындап түшүнүп бара жатат, бул жагы дагы аябай сүйүндүрөт, бирок 99% дагы деле түшүнө элек. «Бизди белгилеп койбойсузбу» десең эле бүттү. “Эмне эле болуп жатасың, сенин сүрөтүңдү биз бөлүшүп жатпайбызбы, Кыргызстанды элдер тааныса эмне сага жаманбы?” деп, кайра сени кокодон алат. Бул жагы өкүндүрөт.
Менин макстым дүйнө жүзүндөгү эң чоң журнал, саякатка байланыштуу организациялар, компаниялар менен кызматташуу. Анткени Кыргызстандын ичиндеги саякат бул дагы өзүнчө жакшы нерсе, жылына 4-5 жолу башка өлкөгө дагы чыгып турган андан дагы сонун нерсе да. Бирок саякат аркылуу кантип акча табуу керек деп, биз өзүбүзгө суроо бере баштадык. Чет өлкөлөрдө булардын аналогдору бар.
Мисалы, дүйнөдө кандай сонун бренддер бар, ошол эле биз колдонуп жаткан Sony, ошол эле биз тоолорго кийип чыккан The North Face деген, Kailas. Мисалы National Geographic`ке сүрөт тартып ал сүрөттү тартканга Sony менен иштешип Sony`ден тышкары North Face`тин киймин кийип алып чыгабыз деп, мен өзүмчө кыялданчумун.
Анан булар менен иштешкенде үч компания бири-бирине тоскоол болбойт биринчиден, экинчиден бул компаниянын кийимин кийсең “ходячий реклама” болосуң да. Анан ошого киреше кирсе чет өлкөгө чыксаң, Кыргызстандын ичинен да саякаттасаң, сен аркылуу, Кыргызстан аркылуу билип калса элдер деген үмүттө ушинтип, ушул жакты көздөп эле иштей бердик.
КРнын туризм департаментинин да эмгеги чоң. National Geographic аларга байланышка чыгып калган экен, анан менин сүрөттөрүмдү аларга сунушташат. Анан ошол журналга басылды. National Geographic`ке менин сүрөтүм чыкты деген бул бир сөз, өнөктөш катары иштешкен бул башка кеп. Ошондуктан бул иштин башы эле деп ойлойм. Ушинтип келип калдык.
Кыргызстанда канча аэропорт болбосун алардын ичиндеги оформлениелеринде 40-50% менин сүрөттөрүм илинип турат. Кыргызстанга келген туристтер биринчи Кыргызстан кандай өлкө экенин, кандай жаратылышы бар экенин ошол сүрөттөрдөн көрүп билсе болот деген ойдо.
Дагы байкаганым биздин баракча аркылуу туристтер көрүшөт, туристтик оператор менен байланышканда, ошол жерлерге барам деп биздин баракчадагы сүрөттөрдү жиберишет экен. Ошол тур компаниялар бизге көп айтып калышат, “биздин туристтер силердин сүрөттөрүңөрдү көрүп алып Кыргызстанга келди” дешет.
Командабыз менен Кыргызстандын “акысыз жарнамачыларыбыз” деп тамашалашып калабыз…
Ушул ажайып кооздук, керемет жерлер ушундай таза бойдон кылымдарга сакталып калышы үчүн эмне кылуу керек?
Сизге кайсы сүрөт өзгөчө жакты, ички саякат үчүн быйыл кайсы жерди тандамаксыз? Пикир калтырыңыз…
Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон, урукстасыз көчүрүп алууга жана жарыялоого болбойт.
Булак: Би-Би-Си. Абдыбек Казиев & Руфат Эргешов.