7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

III Элдик курултай. Делегат Араван-Сай суусунун башына дамба куруу маселесин көтөрдү

311

Араван районунан келген делегат Руслан Айбашов сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу Араван-Сай суусунун башына дамба куруу өтүнүчүн айтты.

Анын айтымында, Араван району дыйкандары жана ак алтыны менен белгилүү. «Көп жылдардан бери сугат суунун тартыштыгынан пахта, картошканын жана капустанын түшүмдүүлүгүнүн жана баасынын төмөндүгүнөн улам дыйкандар жапа чегип келишүүдө. Буга байланыштуу Араван эли Араван-Сай суусунун башына кичи дамба куруп берүүнү өтүнөт», — деген ал президенттен ушул маселени жеке көзөмөлүнө алып берүүсүн суранды.

Ошондой эле делегат Араван районуна караштуу айылдарды бириктирген унаа жолдоруна асфальт төшөө, турак-жай жана башка маселелерди көтөрдү.

Белгилей кетсек, 20-21-декабрда Бишкекте III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн аймактарынан келген 700гө жакын делегат өз көйгөйлөрүн өлкө жетекчилерине жеткирүүдө.

312