7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Ата жолун уланткан Бешкемпировичтер

498

Аккан арыктан суу агат демекчи, ата жолун улантып келе жаткан Султаналиев Кубандык ички иштер органында 5 жылдан бери кызмат өтөп келет.

Коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүп келген кызматкер бул кесипти тандашына атасы түрткү болгондугун белгиледи.
Каармандын атасы Сагыналиев Бакытбек Бешкемпирович 36 жыл ички иштер органында кызмат өтөп, катардагы сержанттан баштап милициянын подполковниги атайын наамына чейин жетип ардактуу эс алууга чыккан. Ал учурда уулу Кубандыкка бар болгон тажрыйбасы жана акыл-насааттары менен бөлөшүп, өз антына бекем болуп эл үчүн кызмат кылууга багыт берип келет.

Ал эми, Султаналиев Бакытбектин атасы – Бешкемпир Султаналиев милиция кызматкерлеринин династиясынын өзөгү болуууга түрткү болгон.
Султаналиев Кубандык Токтогул районунун Ички иштер бөлүмүнүн Терек-Суу айылдык милиция бөлүмчөсүндө милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кызмат өтөйт.

Терек-Суу айылы— Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы айыл. Кетмен-Төбө айыл аймагынын курамына кирет. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тейлеген аймагында эки айыл өкмөттү камтып, калкынын саны 16 миңден ашуун түтүндү түзөт.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

499