7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат

711

ИИМ жана анын бөлүктөрү чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«ИИМ өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

Башка мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарга байланышкан маалыматтарды каалагандай бурмалап жана алардын жарандарын мазактаган ар кандай видео-фотоматериалдарды тараткандан алыс болууну сунуштайт. Анткени  бул аракеттер моралдык этикага туура келбейт.

Белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын ИИМ жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети  катары баалайт»,- деп берилет маалыматта.

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймакта коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок. Күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар ачыкталса мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712