Мыйзамсыз вебкам студияларды уюштурууга айыпталып, мурда соттолгон Даниэл Ажиев кайрадан кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады.
Ведомствонун алдын ала маалыматына ылайык, шектүү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалган учурда Даниэл Ажиевдин жанынан баңгизатка окшош заттар табылганы кабарланууда.



