Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарына кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча сын-пикир айтып жаткан депутаттарга карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда. «5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып,бийлик алмашкан. Ушул окуялар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө иштерин колго алып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөчүлөрдүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан акыйкатжыйынтык чыгарыш керек. Октябрдагы окуяларга катышкан, ал жөнүндө билген жарандар тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат.Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү. Ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштердисаясатташтырууга негиз жок экенин белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Дагы оку
Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында “Клиника Ош” заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, салтанатка
Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү курулуш объектисинде аймакты калыбына келтирүү иштери аткарылды. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө уруксат
Зордуктоого жана 16 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык мунөздөгү аракеттерди жасагандарга жазаны жеңилдетүүнү сунуштаган депутат, Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу
Санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2-октябрда санкциялык тобокелдиктерди андан
UFC уюмунун жарым орто салмактагы учурдагы чемпиону Ислам Махачев Кыргызстанга келди. Ислам Махачевдин Кыргызстанга келүү максаты азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга
Жогорку кенештин мурдагы депутаты Винера Раимбачаева Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош



