Бүгүн, 4-январда Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков Президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
“ИИМдин атайын буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкка өткөрүлөт. Атайын иш пландарга ылайык 11миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5000 ашуун кызматкерлер аныкталып, такталып шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында БШК менен иш-алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө”,-деп баса белгиледи министр.