7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Төрт ай ичинде 100дөн ашуун мал уурулуктарды жасаган 39 кылмыштуу топ кармалган

557

Ушул жылдын 4 ай ичинде республикада 165  мал ууру, 100дөн ашуун мал уурулуктарды жасаган 39 кылмыштуу топ кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан мал уурулуктун бетин ачуу,  алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мал уурулук – бул айыл тургундары үчүн чыныгы көйгөй, мындай кылмыштуу аракеттерден айылда жашаган жарандар жапа чегүүдө. Мал уурулуктун көйгөйлөрү, аны сактап калуунун себептери жана ыкмаларын байма-бай айтканыбыз менен жарандар малдарынын коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылып келишет.

«Мал уурдоого шарт түзүп жаткан негизги себептердин бири мал ээлери тарабынан көзөмөлдүн жоктугу. Малдарын жайыттарга же жайлоого кароосуз кое берүү, мал сарайлардын кечкисин кулпуланып бекемделбегендиги,  жакшы кайтарылбагандыгы, мал жанды караган иттин жоктугу жана короо жайга өзгөчө мамиле жоктугунан улам да мал уурулар эч тоскоолдуксуз кылмыштарын улантууда. Өз убагында кайрылбаган учурлардан улам  уурулар да издерин суутуп кетишүүдө. 2022-жылдын 4 айында мал уурулук боюнча 389 кылмыш иши катталып, 261 кылмыштын бети ачылып, кылмыштуулуктун бетин ачуу 67,0 пайызды түзгөн. Жүргүзүлгөн анализге ылайык мал уурулуктун 322 фактысы түн ичинде, күндүзү 64 факты, анын ичинен менчик сарайлардан 179 жолу уурдалган,  жайыттан жана талаадан 178  жолу уурдалып олтурат»,- деп берилет билдирүүдө.

Ушул жылдын 4 ай ичинде республикада 165  мал ууру, 100дөн ашуун мал уурулуктарды жасаган 39 кылмыштуу топ кармалган. Төрт ай ичинде мал ээлерине келтирилген зыяндын кайтарылып берилиши 17 миллион 370 миң сомду түздү. Талдоо көрсөткөндөй, мал уурулуктардын көбү түнкүсүн болот.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы  малдын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылат. Мал багуу үчүн имараттарды бекемдөөнү, дарбазаларга жана эшиктерге кулпуларды жана башка ишенимдүү бекиткичтерди орнотууну, мал жанга өзгөчө көз салууну жана өз убагында милицияга кайрылууну өтүнөбүз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558