7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: «Улукбек Карыбек уулу милициянын талабына баш ийбегендиктен, материал сотко жөнөтүлгөн»

551

Блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«10-июль күнү ИИМдин күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчиликтен жооптуу кызматкери милициянын майору К.Д., Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер видео тартуу тобу менен чоогу кирип, күзөт кызматынын кызматкеринин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Биринчи май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан блогердин жүргөн жери аныкталып, укук бузуу протоколун толтуруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу Биринчи май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, ал жерден 128-берене (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен ага укук бузуу протоколу толтурулуп, жогорудагы жарандар коё берилген. Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген»,- дешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

552