7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМде “Белгисиз окуя” тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү

294

Ички иштер министрлигинде «Белгисиз окуя» психологиялык драмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма ИИМдин колдоосу менен тартылган.

“Иш-чарага КР Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, милициянын генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ошондой эле ИИМдин бөлүм башчылары катышты. Андан сырткары, жабык көрсөтүүгө Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, блогерлер, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү ишмерлер жана башка чакырылган коноктор катышты”, — деп берилет маалыматта.

Бул тасма коноктордун кызыгуусун арттырып, сюжетте көрсөтүлгөн актуалдуу маселелер жандуу талкуулады. Коноктор мындай демилгелердин маанилүүлүгү коомдогу социалдык маселелерди ачып көрсөтүүгө, коомчулуктун аң-сезимин өнүктүрүүгө жана улуттук кинематографияны колдоого багытталгандыгын белгилешти.

Иш-чаранын соңунда конокторго ИИМдин ыраазычылык каттары жана сыйлыктары тапшырылды.

295