7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин 3 айлык ишмердүүлүгүнүн коллегиялык отуруму болуп өттү

515

26-апрелде ИИМдин жыйындар залында ИИМдин 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган кызматтын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында үч маселе каралды: Ички иштер органдарынын 2024-жылдын 3 айынын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Улуттук пландын” аткарылышы жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуудагы көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы маселелери каралды.

Улан Ниязбеков: “Элге ак кызмат кылуу жана Өлкөнүн коопсуз өнүгүшүнө салым кошуу принциптерин аткарылганда гана, калк алдында, мамлекет алдында берген антыңыздарды актаган болосуздар. Келип чыккан ар түрдүү кыйынчылыктарга моюн сунбай, алдыга карай кадам таштап, аруу максаттарга жетүүгө умтулууну буйрук кылам”,- деди министр.

 

516