ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун төрагалыгынын алдында ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 20-ноябрынан 2025-жылдын 20-январына чейин кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу багытында түзүлгөн иш-мерчемдин талаптарын аткаруу боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп төмөнкү тапшырмалар коюлду;
— Жол кыймылынын коопусуздугун камсыздоо, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн арасында пропагандалык түшүндүрүү иштери жүргүзүү максатында республикалык масштабда:
— автомобиль жолдорун бөлүү тилкесинде башаламан соода сатык жүргүзүү (айрыкча күйүүчү, майлоочу май) фактыларына бөгөт коюу үчүн «Баш аламан соода сатык»,
— оор жана өтө оор ЖУК катталуусун алдын алуу үчүн «Жүргүнчү ташуу»,
-жол кырсыгына таасир берүүчү аба ырайынын өзгөрүүсүн эске алып “Тайгалак”,
— мас абалда унаа башкарган айдоочуларды аныктоо үчүн “Бахус» рейддик иш-чараларын өткөрүү.
-Балдардын катышуусу менен болгон жол-унаа кырсыктарын терең талдап, билим берүү мекемелерине маалыматтарды, ЖУК алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча каттарды жөнөтүп, жол унаа кырсыктарына кабылган окуучулардын мектептеринде ата-энелер менен жыйналыштарды өткөрүү;
-Республиканын аймагына чет өлкөлүк номурлуу унаалар менен иш алып баруу;
-Санариптештирүүнүн алкагында элге сервистик кызматтарды көрсөтүү менен кайрылып келген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү;
-Жол кырсыктарынын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, калк арасындагы орун алган көйгөйлөрдү жеринен чечүү;
-Өздүк курам арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону бекемдөө боюнча тийиштүү буйрук, нускамаларды жеткирип туруу.
Мындан башка да бир топ маанилүү тапшырмалар коюулуп, көрсөтүлгөн мөөнөттө өз убагында аткарууну колго алып, тийиштүү деңгээлде иш алып барбаган жетекчилердин жоопкерчиликтери каралары эскертилди.