Бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармагы тарабынан умрага жолдомо берилген 60 дин кызматкери «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Аравия Падышачылыгынын Жидда шаарына учуп кетти.
Муфтияттын тарыхында алгачкы жолу ондогон дин кызматкерин умрага жөнөтүү саамалыгына азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров өзү катышып, зыяратчыларга ак батасын берди.
Айта кетсек, муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен Муфтияттын түзүмүндөгү 60 расмий дин кызматкери бүгүн умрага аттанып жатат. Алардын катарында КМДБ кызматкерлери, казыят адистери, райондордун баш имам-хатибдери жана элет имамдары бар.