7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин ички аскерлеринде жаңы күрөш залынын ачылышы болду

372

Үстүбүздөгү жылдын 19-январы күнү ИИМдин Ички аскерлеринде көптөн күткөн жаңы таймаштар залы ачылды. Бул тууралуу ИИМДин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник И.Кенжекулов, Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спортунун чебери Н.Михайлов, Бишкек шаарынын кикбокс, ушу-саньда жана тайбокс федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу М. Давлеткулов жана башка коноктор катышты.


Жаңыдан пайдаланууга берилген зал жаңы спорттук эмеректер, заманбап акустикалык системалар, жерге төшөлүүчү каражаттар менен жабдылып, учурдун талабына толугу менен жооп берет.


Иш-чара учурунда сөз сүйлөгөн Н.Михайлов аталган таймаштар залынын ачылышы чоң мааниге ээ, анткени Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын ден соолугунун бекем болушу, алардын дене тарбиялык даярдыгынын сапаты-аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет деди.
Ошол эле учурда коноктор ИИМдин Ички аскерлеринин музейин кыдырышып, жакынкы эле күндөрдө оңдоп-түзөө иштери жүзөгө ашырылган обьектилер жана окуу-материалдык база менен таанышып чыгышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

373