7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды

987

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Аскер прокуратурасы тарабынан ИИМдин Ички аскерлеринин ишмердүүлүгүн пландуу текшерүүсүнүн жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Тактап айтканда, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражаттар уурдалган.

Аталган фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголгон.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

988