7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Коллегиялык отурумунда кандай маселелер талкууланды?

10

ИИМдин Коллегиялык отурумунда 2026-жылы аткарыла турган бир катар маселелер талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер органдарынын 2025-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык отурум 23-январда өттү.

Коллегиялык отурумда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарында санариптештирүү системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын, ал эми видеокөзөмөл тутумдары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде “Коопсуз өлкө” долбоору 2026-жылдын аягына чейин толук ишке ашырылары, анын алкагында өлкө боюнча 20 миң видеокамера орнотуу пландалганы айтылды.

Коллегиянын жүрүшүндө “Коопсуз өлкө” долбоорунун бир жылдык иш-мерчеми бекитилип, аны кынтыксыз аткаруу боюнча жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Андан сырткары, ички иштер органдарынын башчыларынын алдына милицияга кайрылган ар бир жаранга мыйзам чегинде жоопторду берип, укуктарын жана милдеттерин так түшүндүрүп, сапаттуу сервистик тейлөө жумуштарын күчөтүү талабы коюлду. Ушуга эле катар, элди кабыл алууну белгиленген тартипте ишке ашырып, ар бир жарандын маселесин кунт коюп угуп, жеринде ыкчам чечүү зарылдыгы айтылды.

ИИМдин жетекчилиги тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, өздүк курам арасында күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле киберкоопсуздукка, интернет алдамчылыгына жана санариптик коркунучтарга каршы чараларды бекемдөө зарылдыгы белгиленди.

Коллегиялык отурумдун аягында жетекчилердин алдында кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол коопсуздугу, жашы жете электерге жана үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан кылмыштарды болтурбоо, ошондой эле өздүк курам арасындагы кызматтык тартипти бекемдөө боюнча негизги тапшырмалар коюлду.

11