Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүп жатат. Митингге чыккандар Ички иштер министрлигинин башчысынын кызматтан кетишин талап кылып, “Кызматтан кетсин!”, — деп кыйкырышууда.
Нааразычылык акциясынын катышуучуулары бийликке каршы сүйлөгөн блогерлерди бир нече саатка жетпей таап алышат дагы, уурдалган кызды бир нече күндөн бери таба албай койгондорун айтышууда. ИИМдин имаратынын алдына болжол менен 300дөй адам чогулду. Алар барган сайын көбөйүп, алардын катарына премьер-министр, бир катар депутаттар, ырчылар келип кошулушту.
Ал эми депутат Никитенко маселе укук коргоо органдарынын гана жоопкерчилигинде эмес, коомдун өзүнүн аң-сезиминде экендигин белгиледи.