Мамлекеттик бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 миң сомдон ашуун товарга бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында «VOLVO PH12» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
Натыйжада ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” үлгүсүндөгү макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 миң 662 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө үчүн тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү.