Белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмүнө арнап ыр чыгарып, коомчулукту ыйлатты.
Жүрөгүмду ызалык булкуп анан,
Ыйын угам рухуңдун буркураган.
Жектеп турам турмушту, зөөкүрлөрдү,
Көргө түртүп, өмүрдү кулпулаган.
Гүлдү бакпай, тамырдан жулуп салган,
Биз ушундай коом болдук куруп калган.
Катуулуктан шолоктоп учкан жаның,
Жумшактыкты сезээрсиң булуттардан..
Деңиз болуп бүт дүйнөм көлдөдүм де,
Өз ажалым жеткенде өлбөдүм де.
Периштелер сурашса сени тосуп,
Адамдардан жакшылык көрбөдүм де!
Урмат-сыйдын бийиги ушулбу де,
Ээ Кудайым, пенделер кутурду де.
Өбөк болот деп жүрсөм эр жигиттер,
Өмүрүмдү кескилеп учурду де!
Суу чачкандай жалп өчүп жалын жашың,
Бул ырымдын кайгылуу сабындасың.
Түркөйлүктүн түбүнө жете албадык,
Кечир бизди аялуу карындашым!
08.04.21