Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы коомдук унааларга байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.
Депутаттар Ирина Карамушкина менен Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы каттамга чыкпай жаткан коомдук унаалардын маселесине токтолушуп, калаа жетекчисин алдын-ала чара көрбөгөнүн сынга алышты. Ошондой эле каттамга чыкчу коомдук унааларды тандоодо да кемчиликтер көп экенин белгилешти.
«Маршрутту коюу мэрияда өзүнчө бир бизнес болуп калган. Өзүнчө топ түзүп, ошол жака мүчө болгондор гана лицензия алып, ошолор гана иштеп келет. 2, 3 адам каалагандай шарт коюп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратты. Бул маселени тезинен чечпесек болбойт, шаарга автобустар келсин«-, деди депутат Тазабек Икрамов.
Ушул эле маселеге токтолгон депутат Марлен Маматалиев Министрлер кабинетинин төрагасын тиешелүүлөрдү чакырып, жыйын өткөрүшү керектигин белгиди.
“Шаарда беш-алты эле компания каттамдарды жүргүзөт. Андыктан, алардын лицензиясын алып, кайра тендер өткөрүү зарыл. Ал эми орунсуз талап коюп, шаар элин кыйнагандарды эл душманы катары кармаш керек. Бүгүн чечели, маселени эртеңкиге калтырбайлы”,– деди.