7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө 3 жаран мас абалында бычакташып, бирөө каза болду

539

Бишкектин Аламүдүн районунда  3 жаран мас абалында бычакташып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызмат билдирди.

2-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу  көрсөтүгөн дарекке барган учурда, жабырлануучу 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам эсине келбей оруканда каза болгондугу аныкталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары  1979-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран кармалган жана алардын даагы бир шериги болгондугу аныкталган.

Алдын ала териштирүү учурунда, кылмышка шектүү жана оорканага түшкөн эки жаран үчөө ичимдик ичишип отурушуп, ортодо чыкан чыр-чатактан улам уруша кетишкен. Натыйжада эки жаран бычактан жаракат алып, бири оорканада каза болду. Экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылганы маалым болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмыштын үчүнчү катышуучусу катары 1980-жылы туулган Ч.У. жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

540