7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: Бир суткада 371 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап каза болду

433

Кыргызстанда коронавирус дагы 371 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 169, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 299 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 196, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 50, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 13 адам сакайды», — деп берилет маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 662 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 847 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 094 бейтаптын абалы орто оордукта, 448 адамдын абалы оор жана 93 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 708 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 598 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 105 миң 840 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 99 миң 474 киши айыгып чыкса, 1 миң 830 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434