Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашуу фактылары жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жеткен. Ал эми 2020-жылга карата маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтка чыга элек.
Ал эми никеге тургандар боюнча Ош облусу алдыда. Жыл башынан бери 5 айдын ичинде 4092 жуп үйлөнгөн. Ал эми эң көп ажырашуу Бишкек шаарында. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген. 2021-жылда өлкө боюнча 19 498 жуп расмий никеге катталышкан.
Эске салсак 2020-жылы күчүнө кирген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай, каалаган жеринде никеге туруп, ажырашууну да каттата алышат.